Түркияда 2 жолу жер титиреди

4-декабрда Түркиянын батышында эки жер титирөө болгонун TRT Haber телеканалы билдирди.

Табигый кырсыктарды башкаруу башкармалыгынын сейсмологдорунун айтымында, жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:42де Мрамор деңизинин Гемлик булуңунда күчү 5,1 баллга жеткен жер титирөө болгон. Жер титирөөнүн очогу 1 миллион 400 миңдей адам жашаган Бурса шаарынан 32 чакырым алыстыкта түндүк-батышты карай жайгашкан. Жер титирөө Стамбул, Кожаэли, Чанаккале, Билежик жана Сакарияда да сезилген.

Үч мүнөттөн кийин ошол эле жерде күчү 4,5 баллга жеткен дагы жер титирөө катталды. Түркиянын Ички иштер министрлигинин башчысы эксперттер жер титирөөдөн кийин келтирилген зыянды текшере баштаганын билдирди.

Related posts

Садыр Жапаров иш сапар менен Түркмөнстанга жөнөп кетти

admin

Москвада сабалган кыргызстандык таксист. Кылмыш иши козголду

admin

«Ак Ордо», «Кут Ордо»… Садыр Жапаров жаңы Ак Үйгө аталыш керек болуп жатканын айтты

admin

Комментарий