Түндүк Кипрдин президенти Эрсин Татар Кыргызстанга келди

Түндүк Кипрдин президенти Эрсин Татар Кыргызстанга келди.

Түндүк Кипрдин президентин “Манас” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев тосуп алды.

Белгилей кетсек, Эрсин Татар Кыргызстанга ушул жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарында өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) кезектеги он биринчи Саммитине катышуу үчүн келди.

Саммиттин ишине Уюмга мүчө беш мамлекеттин – Түркия Республикасынын, Азербайжан Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын лидерлери, ошондой эле Уюмдун байкоочу өлкөлөрүнүн башчылары катышат.

Related posts

Бишкек жана Ошто коомдук транспорт Айт намазга элди бекер ташыйт

admin

Айгүл Жапарова Араб Эмираттарына барды (сүрөт)

admin

УКМК: Эл аралык баңги тобунун кылмыштуу ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду 

admin

Комментарий