Түндүк Корея Жапон деңизин көздөй баллистикалык ракета учурду

Түндүк Корея бүгүн 18-мартта Жапон деңизин көздөй бир нече баллистикалык ракета учурганын Түштүк Кореянын аскер кызматкерлерине таянып Reuters агенттиги билдирди.

Бул күнү Түштүк Кореяга иш сапар менен АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен барган. Ал Сеулда үчүнчү Демократия саммитине катышат. Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти Пхеньянды айыптаган билдирүү таратты.

Жапониянын премьер-министри Фумио Кисида да Түндүк Кореянын ракета учурууларын «улам жана көп кайталанып жатат» деп айыптады.

Өткөн аптада АКШ жана Түштүк Корея биргелешкен ири машыгуу өткөрүшкөн. Көп өтпөй Түндүк Корея да машыгуу уюштурган. Пхеньян Вашингтон менен Сеулдун аракетин ага кол салууга даярдык катары баалоодо. Сеул коргоо максатын гана көздөй турганын айтып келет.

Related posts

Тоңдо аксакал 60 жаш тоюн бербей, окуучуларга китеп сатып берди

admin

Тоолуу райондордо кар жаайт. 2-ноябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

admin

Ташиев Садыр Жапаровдун мурдагы президенттер менен жолугушуусу боюнча үн катты 

admin

Комментарий