Түркияда массалык жол кырсык болуп 10 адам каза болду. Буга туман себеп болушу мүмкүн

Түркиянын түндүк-батышында 7 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, 10 адам каза болуп, 59 адам жаракат алганын TRT Haber агенттиги кабарлады.

Маалым болгондой, кырсык коюу тумандан улам болушу мүмкүн. Губернатор Яшар Карадениз жабыркагандардын 10 башка ооруканада дарыланып жатканын айтты. «Алдын ала маалымат боюнча жеңил унаа жүк ташуучу унааны сүзгөн. Андан кийин башка унаалар сүзүлгөн. Каза болгондордун айрымдарын унаадан түшүп баратканда башка унаа сүзүп алган болушу мүмкүн. Бирок бул божомол. Териштирүү бүткөндө так айтылат», — деди ал. 

Буга чейин алты айдоочу кармалган. Жабыркаган бир айдоочу ооруканага жаткырылган, дарылангандан кийин кармалат. Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа кырсыктын кесепетинен жабыркаган 59 кишинин 8инин абалы оор экенин билдирди.

Related posts

Мароккодогу жер титирөөдө каза болгондордун саны 2122 кишиге жетти

admin

УКМК: Бишкекте синтетикалык  баңги заттарын жеткирүүчү эл аралык канал аныкталды

admin

Кыргызстанда коронавирустун дагы 85 жаңы учуру катталды

admin

Комментарий