Түркиядагы жер титирөөдө каза болгондордун саны 3000 адамга жакындады  

Түркиядагы жер титирөөдө каза болгондордун саны 2921ге, жаракат алгандардын саны 15834кө жетти. Бул тууралуу Anadolu билдирди.

«Түркиянын түштүгүндөгү жер титирөөдөн каза болгондордун саны 2921ге жетти, 15834 адам жаракат алды», — деп айтылат агенттиктин билдирүүсүндө.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганөлкө боюнча 12-февралга чейин улуттук аза күтүү жарыялады.

6-февралга караган түнү Түркиянын Кахраманмараш провинциясында күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөө болду. Андан тышкары Сириянын Алеппо, Латакия, Хама жана Тартус провинцияларына да таасирин тийгизди. Ал жерде акыркы маалыматтар боюнча 711 адам каза болуп, 1431 адам жаракат алган.

Related posts

Ошто 7 жаштагы бала каналга агып кетти

admin

Сокулуктагы жол кырсык боюнча оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу кармалды 

admin

Бишкекте жаңы спорт комплекси салынат

admin

Комментарий