Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди 

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган бүгүн, 4-ноябрда, Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди.

Эл аралык «Манас» аэропортунда Түркиянын лидерин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тосуп алды.

Флагштокторго эки өлкөнүн желектери илинип, килем төшөлдү, улуттук боз үй түрүндө инсталляция орнотулуп, Ардак кароол тизилди.

Улуттук кийимчен кыздар Режеп Тайып Эрдоган менен саламдашып, ага гүл жана боорсок менен бал сунушту.

Мамлекет башчылары жана алардын жубайлары кыргыз жана түрк музыкалык чыгармаларын аткарган кыргыз артисттеринин концерттик программасын көрүштү.

Мамлекеттик сапардын алкагында эки өлкөнүн президенттеринин чакан курамдагы сүйлөшүүлөрүн, ошондой эле эки мамлекет башчыларынын төрагалыгы алдында Стратегиялык кызматташтыктын жогорку кеңешинин алтынчы жыйынын өткөрүү пландаштырылган, анын жүрүшүндө тараптар кыргыз-түрк өз ара аракеттенүү маселелеринин кеңири спектрин талкуулашат.

Сапардын жыйынтыгы боюнча эки өлкөнүн стратегиялык кызматташтыгын кеңейтүүгө жана мамлекеттер аралык мамилелерин мындан ары чыңдоого багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландаштырылууда.

Ошондой эле 6-ноябрда Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган Түрк мамлекеттер уюмунун саммитине катышат.

Related posts

Жол тескөөчүлөр жол чырак иштебей калганда өз алдынча жолду жөнгө салгандарга кайрылды

admin

КР УКМК: Акча талап кылуу фактысы боюнча Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьясы кармалды

admin

ТИМ кыргызстандыктарга Ливандан чыгып кетүүнү сунуштады

admin

Комментарий