Таксиге түшүп, «ыдык көрсөттү» деп «концерт койгон» аялга кандай жаза берилди?

Учурда социалдык тармактарда таксиге түшүп, таксист аны жаман сөздөр менен сөккөнүн айтып, «ыдык көрсөттү» деген аялдын видеосу тарап жатат. Видео Казакстандын Костонай шаарында тартылганы маалым болду.

Костанай облусунун ички иштер башкармалыгы таксистти ыдык көрсөттү деп айыптаган кыз кандай жазага тартылганын билдирди. Полиция аял кишинин атайын кызматка жалган чалуу үчүн жоопко тартылганын билдирди. Бул мыйзам бузуу үчүн айып пулдун суммасы 110 760 теңгени түзөт. Видеонун каарманы өзү тартылган видеонун таралышы боюнча милицияга арыз жазганы, жарандык-укуктук тармакта карала турганы белгиленген. 

24-декабрда Костанай милициясына бир кыз кайрылып, таксист менен жаңжал чыкканын билдирген. Таксист унаада телефонун алып чыгып, видеого тартып алган. Анда аял милицияга телефон чалып, адегенде жаңжалдын маңызын түшүндүрүүгө аракет кылганы, бирок андан кийин айдоочу аны кордоп, ыдык көрсөттү деп кыйкырып, анан эси ооп жыгылганын көрсөткөн.  Окуя болгон жерге келген медицина кызматкерлери аны текшерип, жардам көрсөтүшкөн. Милиция таксисттин аракетинен эч кандай мыйзам бузууну көргөн эмес. Кийинчерээк кыз Tengrinews.kz сайтынын кабарчысына анын катышуусундагы видео тарагандан кийин интернетте басымга алынганын айткан.

«Мен полицияга телефон чала баштадым, бирок өзүмдү жаман сезээримди билген эмесмин. Таксист мага жаман сөздөрдү айтып, эч нерсе болбогондой видео тарта баштады»,- деген ал.

Related posts

Нурланбек Шакиев Мажарстандын Улуттук Ассамблеясынын Төрагасы, Президентинин милдетин аткаруучу Ласло Кёвер менен жолугушту

admin

КР УКМК төрагасынын жакын туугандарынын атын жамынып, өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык кылган дагы бир фактыга бөгөт коюлду

admin

Селекцияда мурдагы жубайынын кулак-мурдун кескилеген шектүү аталык укуктан ажыратылды

admin

Комментарий