Талас шаарында өткөн жөө жүрүшкө куткаруучулар аттар менен келишти

25-сентябрда Талас шаарынын борбордук аянтында кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата жарыяланган бир айлыктын алкагында 8 штабдык машыктыруу, 9 объектидеги машыктыруу, 12 атайын-тактикалык машыгуу, 13 жарандык коргонуу абалына баалоо өткөрүлдү.

Иш-чаранын алкагында орто мектептин окуучулары арасында куткаруу жана биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча мелдеш көрсөтүлдү.

Ошондой эле, жарандык коргонуу кызматтары менен биргеликтеги даярдалган өрт, жол кырсыгы учурунда адамдарды куткаруу боюнча практикалык көргөзмөлүү иш-чаралар болуп өттү.

Мындан тышкары Талас облустук ички иштер башкармалыгынын атайын даярдыктагы отряды тарабынан кылмышкерлерди кармоо боюнча практикалык көргөзмөсү көрсөтүлдү.

Ал эми жөө жүрүшкө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Талас облусундагы башкармалыгынын кызматкерлери ат менен келишти.

Иш-чара маданият кызматкерлеринин концерттик программасы менен коштолду.

Related posts

Нарында кар көчкү түшүп, 84 кой-эчки, 3 бодо малды басып калган

admin

Акылбек Жапаров Токтогул ГЭСине барды 

admin

КР УКМК жетекчилиги менен байланышка жамынып, 1 млн АКШ долларын опузалаган КР жараны кармалды

admin

Комментарий