Талас шаарындагы аянты 0,17 га болгон административдик имарат мамлекетке кайтарылды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, КР УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген Кыймылсыз мүлк объектилерин аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Талас шаарынын борборундагы аянты 0,17 га болгон, буга чейин Талас аймактык кооперативдик союзу колдонуп келген административдик имарат мамлекеттин балансына кайтарылды. Анын болжолдуу баасы 10 миллион 213 миң 623 сомду түзөт.

1998-жылдан азыркы учурга чейин кооперативдик союздун өкүлдөрү тиешелүү документтери жок административдик имаратты мыйзамсыз пайдаланганы аныкталган.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгында кооперативдик союздун өкүлдөрү КРнын жер мыйзамдарын бузгандыгын моюнга алышып, жалпы чечимдин негизинде административдик имаратты мамлекеттин менчигине өткөрүп берүү үчүн мамлекеттик кадастр мекемесинин Талас филиалына арыз беришти.

Азыркы учурда административдик имарат КР Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин балансына өткөрүлүп берилди.

Related posts

КР УКМК: Чүй облусунун Сокулук районундагы 990 га жерди мамлекеттик баланска кайтаруу жөнүндө

admin

Ысык-Атада жеңил унаа поезддин алдына кирип кеткен. 3 адам жаракат алды

admin

УКМК: Кылмыштуу кирешелерди адалдоо жана уюшкан кылмыштуу топту каржылоо фактысы боюнча З.Т.И. аттуу КР жараны кармалды

admin

Комментарий