Таласта “Хизбут-Тахрир” мүчөлөрүнөн курал жана экстремисттик адабияттар табылды

2025-жылдын 15-октябрында КР УКМК тарабынан Талас облусунда жүргүзүлгөн атайын иш-чаралардын жүрүшүндө, “Хизбут-Тахрир-Аль-Ислами” экстремисттик уюмунун жашыруун мүчөлөрү аныкталып, алардын жашаган даректеринде тинтүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул иш-чаралар КР Кылмыш-жаза кодексинин 314-беренесинин 2-бөлүгүнүн (“Экстремисттик уюмду уюштуруу”) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында ишке ашырылган.

Тинтүү маалында уюмга тиешеси бар 9 адамдын (алардын 7си мурда ушул беренелер менен соттолгон) жашаган жеринен диний мазмундагы экстремисттик адабияттар, ок атуучу жана пневматикалык куралдар, ошондой эле электрондук алып жүрүүчү түзүлүштөр (компакт-дисктер, флешкалар, планшеттер, мобилдик телефондор) табылып, алынган.

Азыркы учурда алынган буюмдар жана материалдар тиешелүү экспертизалардан өткөрүлүп, тергөө иштери улантылууда.

Related posts

Президент: «Ал окуя боюнча агама абдан катуу айткам»

admin

ӨКМ: Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу жогору

admin

УКМК: Пара берип жаткан жеринен Ош облусунун Алай районунун тургуну кармалды — ВИДЕО

admin

Комментарий