Таласта тай казанды сүзүп, аты менен кошо учкан көк бөрүчүнүн видеосу тарады

Таласта көк бөрүчү катуу ылдамдыкта тай-казанды сүздү. Бул тууралуу соцтармак колдонуучулары жазды. 

Маалым болгондой, окуя 30-январда Айтматов районунда жергиликтүү командалардын оюну учурунда болгон.

Улакчы алыстыкты эсептебей, тай-казанга урунуп, ат артка ыргып, улакчы учуп кеткен. Окуяга күбө болгондордун айтымында, ал эч кандай оор жаракат алган эмес. Атчандын абалы жакшы, ага биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, ооруканага жаткыруудан баш тарткан.

Related posts

Кыргызстанда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

admin

Садыр Жапаров Казакстанга иш сапары менен учуп кетти

admin

Садыр Жапаров расмий сапар менен Австрияга барды

admin

Комментарий