Таласта токой өрттөндү (сүрөт)

Кечээ, 25-март күнү Талас облусунун Манас районуна караштуу Үч-Коргон айыл аймагында токойдон өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Тилсиз жоону өчүрүүгө Манас райондук ӨКБдан 2 күжүрмөн эсеп жөнөтүлгөн. Буга кошумча саат 18:56да Ч.Айтматов райондук ӨКБдан дагы 1 күжүрмөн эсеп тартылды. Жеринде Талас облустук башкармалыгынын ыкчам тобу, жалпы 3 эсеп тартылган. Өрт саат 23:43тө чектөөгө алынып, 00:40та толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жана жаракат алгандар жок.

Өрттүн жалпы аянты болжол менен 25-30 гектарды түзөт.

Related posts

Дыйкандарга “Айыл чарбасын каржылоо — 11” долбоору боюнча 190,6 млн сомго насыя берилди

admin

УКМКнын А.К. Бакаев атындагы академиясы беш жылдык окуу мөөнөтү менен курсанттарды кабыл алууну жарыялайт.

admin

Бишкектеги таштандыларды электромобилдер менен чыгара башташты

admin

Комментарий