Тамчы айылындагы мурдагы мамлекеттик машина короосуна тиешелүү жер тилкелерин мамлекеттин балансына кайтарды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Текшерүүнүн жыйынтыгында, КР УКМК Тамчы айылында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин мурдагы машина  короосунун аймагын жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берүү фактысын аныктады.

Тактап айтканда, 2000-жылдан 2004-жылга чейинки мезгилде жогоруда аталган кыймылсыз мүлк Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Республикалык жер жана агрардык реформа борбору тарабынан тиешелүү тендер өткөрбөстөн үчүнчү жактарга сатылган, бул «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чарбаларын жана башка мамлекеттик (муниципалдык), айыл чарба ишканаларын мамлекеттен ажыратуунун жана менчиктештирүүнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө» Жобонун талаптарына карама-каршы келет.

Аудиттин жыйынтыгында, имараттары менен кошо жалпы аянты 1,5 гектар болгон жер тилкеси мамлекеттик баланска кайтарылды.

Related posts

Ташиев Бишкекте ички иштер бөлүктөрүнүн майрамдык саптык кароосуна катышты

admin

Садыр Жапаров Балыкчыда Кызыл Омпол кени тууралуу сөз кылды (сүрөт)

admin

Ташиев: «Мурда милиция кызматкерлерине эмес, чек арачыларга бронежилет жетпейт эле»

admin

Комментарий