Таш-Көмүр шаарынын вице-мэри жана Муниципалдык менчик департаментинин директору кармалды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, УКМК жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупциялык кылмыштардын алдын алуу боюнча иш-чаралардын алкагында, Таш-Көмүр шаардык администрациясынын кызмат адамдары тарабынан Шамалдуу-Сай шаарында Теңдик айылында, Чуют-Сай айылында жана Ноокен районундагы Кызыл-Алма айылында жайгашкан муниципалдык жер тилкелерин (2024-жылга чейин Таш-Көмүр шаарынын курамында болгон) жакын туугандарынын жана байланышы бар адамдардын пайдасына жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп беришкенин, жасалма аукциондорду арзандатылган баада өткөрүү аркылуу, натыйжада муниципалдык бюджетке олуттуу зыян келтирилгенин аныктады.

Ошол эле учурда, темир жолдун боюндагы суу коргоо зонасында жана санитардык коргоо тилкесинде коммерциялык объектилер үчүн жер участокторун бөлүп берүү фактылары аныкталган.


Бул фактынын негизинде, 2025-жылдын 22-октябрында Таш-Көмүр шаарынын вице-мэри К.Н.А. жана мэрияга караштуу Муниципалдык менчик департаментинин директору К.У.А. кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Related posts

«Ар бир үй-бүлөдө 5-6 бала болушу керек». Ташиев бала бакчанын ачылышында келиндерге кайрылды

admin

Кочкордогу окуя боюнча 22 милиция кызматкери жазаланды 

admin

Ветеринардык кызматтын эсепчиси пара алып жаткан жеринен кармалды

admin

Комментарий