Ташиев Абхазия жана Армениядан алынып келген автоунаа ээлери менен жолугушту.

Бүгүн, 2024-жылдын 11-декабрында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы генерал-полковник Камчыбек Ташиев, Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен, Кыргызстандын аймагына чет жактан мыйзамсыз ташылып келинген автоунаалар боюнча жыйын өткөрдү. Аталган жыйынга КР Президентинин Администрациясынын, УКМКнын, ИИМдин, Мамлекеттик бажы кызматынын, Салык кызматынын жана автоунаа каражаттарынын колдонуучуларынын өкүлдөрү катышты.
Маалым болгондой, буга чейин Кыргызстан Абхазия унааларынын номурларын жана башка документтерин тааныбай тургандыгы, андыктан ал өлкөдөн алынып келинген унаалар мыйзамсыз экендиги айтылган. Мындан улам, тийиштүү органдар тарабынан атайын текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүп, Армения менен Абхазиядан кирген унаалар айып короо жайына токтотулууда. Мындай көрүнүшкө айрым айдоочулар нааразычылыгын билдиришип, өлкө жетекчилигине кайрылышкан.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев нааразычылыгын билдирип жаткан айдоочулардын пикирин угуп, аларга 2015-жылы Кыргызстанга оң рулдуу унааларды ташып кирүүгө тыюу салынган мыйзам бар экендигин эскертти. Ошондой эле, мыйзамсыз түрдө өлкөгө кирген унааларды пайдаланууга жол берилбестигин, баары мыйзамдын чегинде көзөмөлдө болоорун белгиледи.
Азыркы учурда Кыргызстанда 15 миңге чукул Армения менен Абхазиядан келген унаалар бар, алардын 90%ы оң рулдуу болуп саналат. Аталган унаалардын көпчүлүгү комплектөөчү катары алынып келинип, кураштырылган. Мындай унаалар мыйзамсыз болуп, жол кырсыктары катталып, адам өмүрүнө да коркунуч келтирилген учурлар катталууда. Алсак, Кыргызстандагы жол кырсыктарынын үчтөн экиси оң рулдуу унаалардын кесепетинен болуп жатат. Андыктан Камчыбек Ташиев мыйзамсыз автоунаа каражаттарынын колдонуучуларынын өкүлдөрүнө кайрылып, мыйзамсыз унааларды пайдаланууга жана өлкө аймагына алып кирүүгө бүгүндөн тарта катуу чаралар колдонула тургандыгын айттып өттү. “Бир дагы мыйзамсыз автоунаа Кыргызстандын аймагында жүрбөөсү керек, силер жеке өзүңөрдү ойлоп 5000-6000 долларга алган унааңар жарандардын өмүрүнө коркунуч жаратууда. Силер бизди “нааразычылык акцияларына чыгабыз”- деп коркутпагыла, мыйзамсыз алып келип, “легалдаштырып бергиле”- деп, доо да койбогула! Президентибиз Садыр Нуркожоевичтин тапшырмасынын негизинде – автоунаа ээлеринин кандайдыр бир документи барларын, техникалык абалы жакшыларын карап чыгып, мыйзамдаштырып берели деп жатабыз, бирок алардын ичинде мыйзамдашпай тургандары да бар. Азырынча чечим кабыл алына элек, унааңар мыйзамсызбы?, анда айдап чыкпагыла” – деп эскертти Камчыбек Ташиев.
Ал эми жолугушуунун жүрүшүндө тийиштүү мекемелердин жана автоунаа каражаттарынын колдонуучуларынын өкүлдөрү тарабынан айтылган сунуш-пикирлердин баарын эске алуу менен жакын арада тийиштүү чечимдер кабыл алына тургандыгы белгиленди.
Ошондой эле, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары- УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тарабынан бардык тийиштүү органдарга бул боюнча тапшырмалар берилди.

Related posts

Акылбек Жапаров: «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун ишке ашырууда олуттуу жылыштар бар

admin

Садыр Жапаров: Кыргызстан Азербайжанды ишенимдүү дос жана өнөктөш деп эсептейт

admin

Футбол боюнча улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Штефан Тарковичтин атасы көз жумду

admin

Комментарий