Ташиев Болот Темировдун өлкөдөн чыгарылышы боюнча кабары болбогонун айтты

УКМК башчысы Камчыбек Ташиев журналист Болот Темировдун Кыргызстандан чыгарылышы боюнча маалыматтан кабары жок болгонун, аны түнү үйгө келгенде гана укканын айтты. Бул тууралуу ал парламент жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

«Майдаланып мен эч нерсе кылган жерим жок. Жок нерселерге менин атымды чаптай бербеңиз. Болот Темиров боюнча сот чечим чыгарды. Ички иштер министрлиги тергөө жүргүздү, аны Башкы прокуратура бекитти. Менин эмне тиешем бар? Мен эмне кылышым керек? Керек болсо, мен бул тууралуу билген да эмесмин. Командировкаларда чуркап жүрөм. Эки күн бою кесиптештерди тосуп алып, анын өлкөдөн чыгарып жиберишкенин билген да эмесмин. Түнү үйгө келгенде гана уктум», — деди Ташиев.

Related posts

Автобус албайт белеңиз? Бишкек мэриясы аукцион өткөрөт

admin

КР УКМК төрагасынын жакын туугандарынын атына жамынып жүргөн дагы бир алдамчы кармалды

admin

Уланбек Мамбетакунов билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду 

admin

Комментарий