Ташиев Кеминдеги төрөт үйүнүн курулушуна капсула салды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдирди.

Бүгүн, 2025-жылдын 27-ноябрында КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы генерал-полковник Камчыбек Ташиевдин демилгесинин негизинде, Чүй облусунун Кемин районунун Кемин шарында жаңы 50 орундуу заманбап төрөт үйүнүн курулушуна капсула салды.

Буга байланыштуу, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасынын алкагында жана көзөмөлү астында өлкөбүздө социалдык муктаждыктарды камсыздоо, жаш муундарга билим берүү үчүн ыңгайлуу жана заманбап шарттарды түзүү боюнча бир катар ири долбоорлор ишке ашырылууда. Алардын арасында Чүй облусундагы мектептер менен бала бакчалардын, социалдык объектилердин, төрөт үйлөрдүн курулушу өзгөчө орунда турат. Жогоруда белгилегендей, курула турган социалдык объектилер эл аралык стандарттарына толук жооп берет.

Негизги максат —келечек муунду чын ден-соолуктуу, бактылуу балалык жана татыктуу билим менен камсыз кылуу, аларды мамлекетке пайда алып келчү инсан катары тарбиялоо болуп саналат.

Капсула салуу аземинде Камчыбек Ташиев Чуй облусунда болуп жаткан иштер боюнча маалымат берип кетти, өз убагында мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен социалдык объектилер, завод, фабрикалар, эгин-талаа жерлердин баары мамлекетке алынып, мамлекеттин акчасын ичип жеп кеткен коррупционер чиновниктерден, уюшкан кылмыштуу топтордон кустурулган акчалар, кримтөбөлдөрдөн тартылган мүлктөрү боюнча айрым чагымчылдар туура эмес маалымат таратып жатышат. 

Мисалы, Чүй өрөөнүндө эле крим-төбөл, бир эле Камчы Асанбеке тийшеси бар 30 млн. АКШ доллар түзгөн 850 батир мамлекетке кайтарылып, элге ипотека аркылуу берилип жатат. Андан тышкары Токмок шаарында жайгашкан мрамор чыгаруучу 3 млрд. сомду түзгөн “Кыргыз Тоо-Таш” заводун уюшкан кылмыштуу топко тийешеси бар А.Гайдуков убагында мыйзамсыз менчиктештирип алган, ал завод дагы мамлекетке кайтарылып, пайда алып келип жатат. Ошондой эле “Камволдук кездеме комбинаты”, “Винодел” заводу, “Вегетелла” канаттуулар фабрикасы, “Кыргыз химия металлургия”, “Касиет”, “Радио”, “Консерва” заводтору жана «Кайынды эт комбинаты» мамлекеттин карамагына өткөн.

Азыркы учурда Чүй облусу боюнча 100 ашык объект кайтарылган, анын ичинен 23-социалдык объектилер капиталдык оңдоодон өтүп, кайрадан ишке тапшырылган. Мисалы, Токмок жана Кара-Балта шаарларындагы автобекеттер мамлекеттин балансына алынып, эл үчүн кызмат кылат. Аламүдүн районундагы 2 мектеп жана 1 бала бакча капиталдык оңдоодон өтүп, колдонууга даяр турат. Ошондой эле Кайыңды жана Токмок шаарындагы, Сокулук, Аламүдүн, Жайыл, Ысык-Ата районунундагы бала бакчалары, мектептер, Токмок, Ысык-Ата жана Жайыл районунундагы саламаттык сактоо объекттери, Чүй облусу боюнча бир катар спорттук объекттер жана маданият ишканалары ишке киргизилип, элдин пайдасына кызмат кылууда.

Ал эми, Чүй өрөөнүнөн 2025 жылы эле 12 миң гектардан ашык жер тилкелери аныкталып, Ысык-Ата-600, Аламудун-600, Сокулук-5600, Москва-800, Жайыл-4200, Панфилов-300, Кемин-550 гектар жерлер кайтарылган. Андан тышкары, Кемин районундагы жол жегиндеги контейнер менен тозулган 355 гектар жер кайтарылып, мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу “Кемин Сити” шаары курулуусу күтүлүүдө. Ошондой эле, “Аю” холдингинин ээси Ш.Абдыкеримовдун Аламудүн районунда жайгашкан 300 гектар жери жана 100 млрд. түзгөн мүлктөрү мамлекетке кайтарылган.

Ушул жерлердин жана мүлктөрдүн баары элдин жана мамлекеттин пайдасына иштетилет жатат.  

Андан сырткары К.Ташиев «Долпран» кенинин ишмердүүлүгүнө байланыштуу сүйлөп, ал сөзүндө Кемин районунун тургундарына, өткөн аптада, 18-октябрда болуп өткөн жолугушууда биз районубуздагы курч социалдык көйгөйлөрдү, анын ичинде кытай компаниясы «Кемин Ресурс Групп» иштетип жаткан «Долпран» алтын кенинин ишмердүүлүгүнө байланышкан маселени талкуулаганбыз деп билдирип кетти. Ошол жерде К.Ташиев Чүй областтык УКМК кызматкерлерине «Долпран» кенине тиешелүү мыйзамдуулукту жана анын ишмердүүлүгүнө берилген уруксат документтерин кылдат текшерүү боюнча дароо тапшырма бергенин белгилеп.

Ошол максатта УКМК, Жаратылыш ресурстарынын министрлиги жана ӨКМ кызматкерлеринен турган ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, «Долпран» алтын кени жайгашкан аймакка биргелешкен текшерүү жүргүзүү үчүн чыгышкан.

Белгилеп кетүү керек, комиссия кендин ар бир участогун дээрлик толук кыдырып чыгып, республика бюджетине зыян алып келген көптөгөн мыйзам бузууларды аныктаган.

Айрыкча, жеринде жүргүзүлгөн текшерүүдө тиешелүү адистер тарабынан төмөнкү экологиялык бузуулар аныкталган: 14 398,6 м² аянттагы жер кыртышы бузулган, техникалык долбоорго шайкеш келбейт, жерлерди бузуу фактылары бар, лицензиялык келишимдин талаптары аткарылган эмес, запастар боюнча комиссияга туура эмес маалымат берилген.

Ошонун негизинде ведомстволор аралык комиссиянын корутундусуна ылайык 2025-жылдын 13-ноябрында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 306-беренесинин 2-бөлүгүндө (жерди бузуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон. «Долпран» алтын кени ишмердүүлүгүнөн экологияга өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгени аныкталган.

Ушуга байланыштуу жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен 2025-жылдын 20-ноябрында «Кемин Ресурс Групп» ЖЧКсынын башкы директору, Кытай Эл Республикасынын жараны Тиан Дацзы кармалып, УКМКнын Тергөө абагына киргизилген.

Мындан тышкары, учурда экологияга зыян келтирүүнү токтотуу, ошондой эле «Долпран» кенин алдыда терең изилдеп, экологиялык талаптарга жооп берген заманбап технологиялар менен чалгындоо жана иштетүү мүмкүнчүлүктөрүн кароо максатында кендин лицензиясын жана өзүн мамлекеттик балансқа кайтаруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Ошону менен бирге, К.Ташиев сүйлөө учурунда Кемин районунун тургундарына маалым болгондой, бүгүнкү күндө Мамлекетибиздин экономикасы динамикалуу өсүп-өнүгүүсу үчүн көп жумуштар жасалууда. Белгилей кетсем Союз доорунан бери мамлектетибизде курулуш тармагы, өндуруш, кайра иштерүү, айыл-чарба жана башка тармактары дээрлик каралбай жада калса талкаланып калган. 

Азыркы учурда туура жүргүзүлгөн мамлекеттик саясаттын негизинде   «Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» темир жолу, мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу көп кабаттуу турак-жайлар, «Азаттык Арена» стадиону, Түндүк айланма жолундагы көпүрөлөр (өтмөктөр),  ошондой эле Фучик көчөсүндөгү көп функционалдуу базар комплекси (Ош базарынын ордуна),  стратегиялык маанидеги жана ички жолдордун, завод-фабрикалардын жана көптөгөн масштабдуу объектилердин куруп жаткандыгын белгилөөгө болот.

Ошого карабастан айрым бир күчтөр жана жарандарыбыз социалдык тармактар аркылуу кытай жумушчулары көп болуп кетти же, кытайлыктар басып кетти деген туура эмес маалыматтар таратылып жаткандыгын байкоого болот, бирок алардын көпчүлүгү чындыкка дал келбейт. 

Себеби Кыргызстанга келген Кытай жарандарынын ичинен 10% инвесторлор, бизнесмендер жана туристерди түзөт, алар өз каражаттарын бизнес жана туризм тармагына салып жатышат, ал эми калгандары 90% курулуш тармагына катардагы жумушчу катары келишет. Кытайдын жарандары 2 айдан — 1 жылга чейинки иштөө визасынын негизинде убактылуу келишет, андан кийин өлкөнүн аймагынан чыгышат. Алардын баары тийиштүү органдар татабынан кылдат текшерилип жана контролдонуп жатат.

Ошону менен бирге, чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде Кытай жарандары тарабынан кандайдыр бир мыйзам бузууларга жол берилген учурда КР мыйзамдарынын чегинде катуу чараларды көрүүгө көрсөтмө берилген, Мисалы: Түндүк айланма жолунда көпүрө куруп жаткан “Чайна Роуд” компаниясында иштеп жаткан Кытай жарандары тарабынан жергиликтүү тургунду сабап салган фактысы боюнча Кытайдын 44 жараны кармалып, кылмыш иши козголуп, анын алкагында 16 жараны СИЗОго киргизилди, калган 28 жаран айыпка жыгылды. Белгилей кетсем  мыйзам бузган чет элдик жарандарды кармоо жана чыгаруу курулуш иштеринин басаңдашына себеп болгону байкалууда. Буга карабастан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде, бузуулардын ар кандай түрлөрүнө катуу бөгөт коюу милдети коюлган.

Жогоруда пайда болгон жагдайлардын негизинде, мамлекеттик жана жеке ишканалардын, курулуш, логистикалык компаниялардын жетекчилерине түшүндүрүү, алдын-алуу иш-чаралары жүргүзүлүп, чет өлкөлүк жарандарга иштөөгө жана убактылуу жашоого шарттарды тузуу менен бирге, объекттерден сыртка чыгуусуна тыйуу салуу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди. 

Related posts

What’s The Difference Between Vegan And Vegetarian?

admin

Inside Martina, a Shake Shack-Like Approach to Pizza

admin

«Революциянын бульдозери кимге таарынды?

admin

Комментарий