Ташиев: Кемпир -Абад боюнча келишим 1965 -жылы эле түзүлгөн, аны биз өзгөртө албайбыз

Кемпир Абад суу сактагычы боюнча келишим мындан 60 жылга жакын убакыт мурда, тактап айтканда 1965-жылы эле түзүлгөн, биз аны өзгөртө албайбыз. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев парламенттин жыйынында депутаттардын суроолоруно жооп берип жатып билдирди.

«Кемпир -Абад суу сактагычы боюнча келишим, сиз менен биз төрөлө электе эле түзүлүп калган, биз аны азыр өзгөрткөнгө мүмкүнчүлүгүбүз жок. Болгону азыр ошол убакыттан бери бизге компенсация ирээтинде берилей келе жаткан жерлерди алып жатабыз», — деди Ташиев.

Анын айтымында, учурда кээ бир жарандар: «Кыргызстанда мурда эле бар болуп келген жерлерин кайра алдык», — деп жатат деген жалган маалыматты таратууда.

«Биз Кыргызстандын картасына мурда жок болуп келген жерлерди, жалпы биз тарапка 19 миң га жерди алып жатабыз. Мисалы Гавасайды эле алсак, 13 миң га га жакын жерди алып жатабыз. Ошону менен биз бизге чеийин эле түзүлгөн келишимдердин пайдасын алып калалы деп аракеттенип жатабыз. Азыр суунун астындагы жер биздики деп отура бергенден көрө, айдоо аянтына ылайык жерлерди алып алганыбыз жакшы»,- деди Ташиев.

УКМК төрагасы белгилегендей, мындан 60 жылга жакын убакыт мурун Советтер Союзу маалында Кемпир -Абад суу сактагычы курулуп, анда кыргыз тараптан аккан суу топтолуп, бирок суу өзбек тарапка өтүп кете тургандай келишими түзүлүп, ал документтерге кол коюлуп бекитилген.

«Ошондуктан, силер бизге газ бергиле, биз силерге суу беребиз деген сөздү биз айта албайбыз, силер айткандай биз сууну сата албайбыз, себеби 1965-жылкы келишимде ошондой жазылган. Бул жашыруун сыр деле эмес. Андан тышкары, өзгөндүктөр анклавда калып калат деген сөз дагы жалган. Биз мурда ал жолду кандай айлансак, азыр деле ошондой болот», — деди ал.

Ошондой эле Ташиев депутаттардын: «өзбек тарап келишимди бузбайбы?», — деген суроосуна:

«Биз мындай тобокелчиликтерди да мыйзамда караганбыз. Мыйзамдын 5-беренесине ылайык, өзбек тарап Кемпир -Абад суу сактагычынын айланасына эч кандай курулуш иштерин жүргүзө албайт, жергиликтүү элге мал жаюууга, балык уулоого жана башка иштерди жүргүзүүгө тыюуу сала албайт», — деп түшүндүрдү ал.

«Азыр чек араларды тактап алалы, андан кийин да бизде Кыргызстанын кызыкчылыгын коргой турган бир топ ойлор жана мүмкүнчүлүктөр бар, аларды кечирээк ишке ашырабыз», — деп сөзүн жыйынтыктады Ташиев.

Эскерте кетсек, бүгүн, 17-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Бишкек шаарында 2022-жылдын 3-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” жана “2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кемпирабад (Анжиан) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдардын долбоору талкууланууда.

Жыйын Президент Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган  тиешелүү органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өтүүдө.

Related posts

Азия оюндары: Бүгүн Айсулуу Тыныбекова күрөшөт

admin

2-февралга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Ташиев: Алар бизнесмендер эмес – уурулар!

admin

Комментарий