Ташиев: “Конституция боюнча Садыр Жапаров дагы бир мөөнөткө шайлана алат”

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев социалдык тармактагы баракчасына пост жазды.

Эми гана өзүмө келдим. 3 күндөн бери катуу ооруп, эми гана баш көтөрдүм. Ажобуздун Элдик курултайда мен жөнүндө айткан пикирине өз оюмду билдирип коюуну чечтим. Биринчиден, президентибиз туура айтты. Эки дос мансап үчүн эч качан чырдашпайбыз.

Экинчиден, биз үчүн кыргыз элибиздин тынч, бакубат, келечектүү жашоосу эң кымбат жана эч нерсеге алмаштыргыс бакыт.

Үчүнчүдөн, президентибиз мурдагы Конституциянын негизинде 6 жылга шайланган, ал эми бүгүнкү Конституциянын негизинде дагы бир жолу 5 жылга, экинчи мөөнөткө шайланууга укуктуу. Ошондуктан Садыр Нургожоевичти колдоп, кубаттап, чогуу элибизге кызмат кылабыз деп үмүт артам. 8 жылдан кийин да эл-журт деп Садыр досумдай күйүп-жанган Кыргызымдын бир инсаны чыгат буюруса!”,- деп жазды ал.

Related posts

Бишкектеги жол кырсыгы. №135 маршрутканын айдоочусу иштен алынды

admin

ЗАМИР ИЛИПОВДУН КИТЕПТЕРИ ЖЕНЕВАДАГЫ КӨРГӨЗМӨГӨ КОЮЛАТ

admin

Өзбекстанда дарыдан 19 баланын каза болушу. Мирзиёев аткаминерди иштен алды 

admin

Комментарий