Ташиев Кыргыз футболдук союзунун кеңсесинде жаңы курам менен жолугушуу өткөрдү

Кечээ, 20-февралда Кыргыз футболдук союзунун кеңсесинде КФСтин президенти Камчыбек Ташиев уюмдун аткаруу комитетинин жаңы курамы менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө президент аткаруу комитетинин мүчөлөрү менен жакындан таанышып, биргеликте ишке ашырыла турган максаттарды белгиледи. Андан сырткары, президент жолугушуунун катышуучуларына ата-мекендик футболдогу негизги чечимдерди кабыл ала турган аткаруучу органдардын мүчөлөрү катары алардын жоопкерчилиги чоң экендигин эске салды.

Президент КФСтин аткаруу комитетинин жыйынын чакыруу чечимин кабыл алды, анын датасы 27-февраль күнүнө белгиленди. Аталган жыйындын күн тартибиндеги негизги маселелердин бири КФСтин башкы катчысын дайындоо болот.

Уюмдун коллегиалдуу башкаруу органынын жаңы курамы 19-февралда өткөн кезексиз конгрессте шайланган болчу. Бул курамдын мөөнөтү 2026-жылдын апрель айына чейин созулат.

Related posts

КР УКМК: Бишкекте жиу-житсу боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты болуп өттү

admin

Бишкекте үй өрттөнүп жатат. Ал экс-депутатка таандык болушу ыктымал

admin

Москвада Кыргызстандын миграция министрлигинин өкүлчүлүгү ачылат

admin

Комментарий