Ташиев: «Матраимовдун моюнуна 200 миллион доллар «илинген»

Кечээ, 16-майда Кара-Суу шаарында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңешти камакта жаткан мурдагы бажычы Райымбек Матраимовго байланышы бар адамдардан “тазалоо” иштери бүткөнүн, бирок мындай адамдар мамлекеттик кызматтарда дагы деле бар экенин билдирди. Ал ошондой эле Райымбек Матраимов мамлекетке 200 миллион доллар бериши керек экенин айтты.

«Раим Матраимовду биз биринчи жолу кармаганда 2 миллиард 200 миллион сом төлөп чыккан. Ошондо биз «мындан ары бандиттерге кошулбагыла, бажыга жарым кадам да жолобойсуң» деген шарт койгонбуз. Макул дешкен. Бирок кайра эле баштап алышты. Бажыдан мурдагыдан да көп уурдоого киришти. Биз чара көрүүгө мажбур болдук. Анан качып кеткен жеринен бир туугандары менен Бакудан кармап келдик. Мына агасы иштен кетти. Жогорку Кеңештен Матраимов менен байланышы бар, бажыда чогуу иштеген, чогуу бизнес кылгандын баарын «тазаладык». Мамлекеттик органдардан дагы деле «тазалап» жатабыз. Бүгүнкү күндө Раим Матраимовдун моюнуна 200 миллион доллар «илинген». Мына силердин стадионго 1-2 миллион доллар кетет. Ошолор уурдабаганда ушул стадион мындай абалга келмек эмес», — деди Камчыбек Ташиев.

Related posts

Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик эскертет: Ар бир адамдын купуялыгын камсыз болуусу керек

admin

17-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

КР УКМК: Жалпы аянты 1,1227 га болгон минералдык булагы жана чектеш аймагы бар «Ысык-Суу» дарылоо-ден соолукту чыңдоо пункту мамлекеттин балансына кайтарылды

admin

Комментарий