Ташиев: «Реанимацияда жаткандарга 200 миң сомдон берилет»

Бүгүн, 3-майда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Сузактагы кырсыктан жабыркаган окуучулардан кабар алып, ата-энелер менен жолугушту. Буга чейин кырсыкты иликтөө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы жеке көзөмөлүнө алганы кабарланган.

«Президент Садыр Жапаров иликтеп келесиң деп жөнөттү. Мен кечээ командировкада элем, түнү менен учуп келдим. Жабыр тарткан балдардын ар бирине президенттин фондунан 200 миң сомдон бөлүндү. Жеңил жаракат алгандарга 50 миң сомдон берилет. Учурда медиктер кеңешип жатат, эгерде Бишкекке алып кетүү зарылдыгы болсо, президенттин тапшырмасы менен атайын учакта алып кетебиз», — деди ал.

Related posts

15-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Бийлик Каракол паркын Ала-Арча сейил багындай өнүктүрүүгө белсенүүдө

admin

УКМК азыркы болуп жаткан иштер тууралуу коомчулукка кайрылуу жолдоду

admin

Комментарий