Ташиев Таласта УКМК кызматкерлерине салынган спорттук имараты менен таанышты

Бүгүн, 12-ноябрь күнү Талас облусунун Талас шаарында КР УКМК төрагасы генерал-полковник К.Ташиев УКМК кызматкерлери үчүн салынган спорт залын көрүп чыкты.
Төрага спорт залында түзүлгөн шарттар менен таанышып, ар бир кызматкер спорт менен жакын болуусу керектигин белгиледи.


Ошондой эле, коопсуздук кызматкерлеринин дени сак жашоосу, алардын кызматтык милдеттерин жогорку деңгээлде аткаруусуна себепчи болоорун кошумчалады.
Аталган имаратта волейбол, баскетбол аянтчасы жана кошумча машыгуу залы каралып, тийиштүү жабдуулар орнотулган.


Белгилей кетсек, спорт залын курууга Президенттик фонддон 50 млн сом акча каражаты бөлүнгөн. Курулуш иштери 2023-жылы КР Президенти С.Жапаровдун тапшырмасы менен башталып, 2024-жылы бүткөрүлүп, май айында пайдаланууга берилген.

Related posts

Игорь Чудинов кызматтан алынды

admin

Президент Аскар Салымбековго «Эмгек Баатыры» артыкчылык даражасын ыйгарды

admin

Жалал-Абадда 14 жаштагы өспүрүмдүн дайынсыз болуп жатканына 10 күн болду 

admin

Комментарий