Ташиев УКМК кызматкерлерине мыйзам жоопкерчилигин эскертти

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев пара алган жана өз кызыкчылыгын мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору койгон кызматкерлер жоопкерчиликке тартылып, камаларын эскертти. Бул тууралуу ал 28-ноябрда Биринчи май жана Свердлов райондук бөлүмдөрүнүн жаңы имараттарын ачуу учурунда билдирди.

Ташиев атайын кызматтын айрым кызматкерлеринин арасында мыйзам бузууларга жол бергендер бар экенин белгилеп, алар боюнча иликтөөлөр жүрүп жатканын айтты. Ал 6-башкармалыктын айрым кызматкерлери жасаган кылмыштары үчүн жакында жоопко тартыларын кошумчалады.

«Өз кызыкчылыгын ойлогондор бүгүн болбосо эртең аныкталат. Мыйзам бузгандар сөзсүз жоопко тартылат. Пара алсаңар, камаласыңар,» — деп баса белгиледи ал.

Ошондой эле, Ташиев чекисттерди кесиптештеринин мыйзам бузууга болгон аракеттерине жол бербөөгө жана жардам берип, токтотууга чакырды.

УКМКнын жаңы имараттары заманбап жабдуулар менен камсыздалып, аскер кызматкерлеринин натыйжалуу иши үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Related posts

Каныбек Иманалиев жазуучулар союзунун төрагасы болуп шайланды

admin

Бүгүн Кытайдын Ченду шаарынан Бишкекке биринчи учак келип конду

admin

Ысык -Көлгө чөгүп кеткен 4 жашар Айшаны издөө иштери токтотулду. Жакындары аны 20 күн бою издешкен

admin

Комментарий