Ташкентте Өзбекстан – Кыргызстан достук коомунун жыйыны өттү

Өзбекстан – Кыргызстан достук коомунун Ташкентте өткөн кезектеги жыйынында уюмдун төрагасы белгилүү өзбек манастаанучусу, котормочу жана публицист Зухритдин Исамутдинов үстүбүздөгү жылда жүзөгө ашырылган иш-чаралар тууралуу кенен баяндама жасады.

Анда коом тарабынан аткарылган иш-чаралардын негизги максаты, кылымдарды карыткан кыргыз-өзбек достугун мындан ары да чыңдоо, жаңы доордогу Кыргызстан менен Өзбекстандын коомдук турмуштун бардык багыттарын камтыган өз ара кызматташтыгын колдоп-кубаттоо экендигин белгиледи.

Олуттуу иш-чаралардан айта кетсек, февраль айынын башында Ош шаарында Бабур атындагы Ош өзбек театры менен биргеликте Алишер Навои менен Захириддин Мухаммад Бабурдун туулган күндөрү белгиленди. Эки иш-чарада тең Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек университетинин студенттери жана жүздөгөн шаар тургундарынын катышуусунда Навоинин айкелинин түбүнө гүл коюлуп, университетте жана театрда салтанаттуу жыйын өттү. Бул иш-чараларга Ош шаарынын, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын интеллигенция өкүлдөрү катышып, эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерин өркүндөтүгө өзгөчө салым кошту.

Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, Кыргыз УИАсынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик Абдылдажан Акматалиевдин жетектеген кыргыз окумуштууларынын делегациясы Ташкентте өзбек филолог-окумуштуулары менен жолугушуп, адабият жана маданият алкагындагы дүйнөлүк жана аймак деңгээлиндеги олуттуу маселелерди талкуулашты.

Кызмат сапары алкагында Кыргызстан жана Өзбекстан УИА ларынын Тил жана адабият институттарынын ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду, ошондой эле Өзбекстан – Кыргызстан достук коомунун жетекчиси Зухридин Исомиддиновке жана коом башкаруу кеңешинин мүчөсү Төлөнбай Курбановко Эл аралык Чыңгыз Айтматов академиясынын мүчөсү диплому тапшырылды.

ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы, белгилүү кыргыз жазуучусу Султан Раевдин өзбек тилинде жарык көргөн «Тандалган чыгармалар» китебинин бет ачары кыргыз-өзбек достугунун майрамына айланды. Бул жыйнакка жазуучунун «Топон» романы жана «Тутулгон күн» повести негизинен Өзбекстан – Кыргызстан достук коомунун активисттери тарабынан которулуп, автордун ондон ашык повесттери жана драмалары кирген.

Жыйында жаш Кыргызстандагы өзбек мектептерин, Өзбекстандагы кыргыз мектептерин көркөм китептер менен камсыздантыруу, жаш муундун көркөм китептерди окууга болгон шыгын колдоп-кубатоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Бул багытта Кыргызстандагы өзбек мектептерине өзбек тилиндеги 800дөн ашык көркөм жана илимий-агартуу китептери белек катары жөнөтүлгөнү айтылды. Өзбекстандагы кыргыз мектептерине да ушундай акция жасоо маселелери кыргызстандык өнөктөштөр менен талкууланып жаткандыгы айтылды.

Өзбекстан – Кыргызстан достук коому ошол кездеги Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Батыраали Сыдыковдун демилгеси менен 1996-жылы түзүлгөн. Учурда коомдун «Алишер Навои институту» жана «Акбура» сайттарында кыргыз-өзбек достугуна арналган материалдар үзгүлтүксүз жарыяланып келет.

 Басып чыгаруу

Related posts

«Тооккананы үй кылып, дайынсыз кеткен кызымдын 5 баласын багам” дейт 65 жаштагы эне

admin

Нарынга панорамалык аттракцион курулат (сүрөт)

admin

УКМК: Уюлдук аппараттарды мыйзамсыз каттагандар кармалды — ВИДЕО

admin

Комментарий