Ташкентте терроризмге каршы күрөшүү боюнча координацияны күчөтүү маселеси талкууланды

Ташкент шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун Аймактык терроризмге каршы түзүмүнүн Кеңешинин 45-жыйыны өттү. Жыйында аймактык коопсуздукту камсыз кылуу жана заманбап коркунучтарга каршы биргелешкен аракеттерди күчөтүү маселелери каралды.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын делегациясы катышып, аны КР УКМК төрагасынын орун басары – Терроризмге каршы күрөшүү борборунун директору, генерал-майор Эрбаев Алишер Ташбаевич жетектеди.

Жыйынга Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан жана башка мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү, ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмунун Аймактык терроризмге каршы түзүмүнүн Аткаруу комитетинин өкүлдөрү катышты.

Катышуучулар эл аралык терроризм, радикалдашуу жана трансулуттук уюшкан кылмыштуулук сыяктуу заманбап коркунучтар боюнча пикир алмашышты. Ошондой эле 2025-жылы өткөрүлгөн биргелешкен антитеррордук машыгуулардын жана операциялардын жыйынтыктары каралды.

Мындан тышкары, 2026-жылы ишке ашырыла турган уюштуруучулук иш-чаралар боюнча макулдашууга жетишилди.

Жыйындын жүрүшүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин коопсуздугуна коркунуч келтирген факторлорго каршы күрөшүү үчүн кошумча механизмдерди иштеп чыгуу маселеси да талкууланды.

Өзгөчө көңүл ШКУ алкагында түзүлө турган универсалдуу борбордун ишке ашырылышына бурулду. Бул түзүмгө Ташкент шаарындагы маалыматтык коопсуздук борбору жана Бишкек шаарындагы трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борбору кирери белгиленди.

Жыйындын соңунда тараптар кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү жана координацияны күчөтүү боюнча макулдашышты.

Related posts

Бишкек ЖЭБде чыккан өрт боюнча маалымат беришти

admin

17-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Баткенде Молдо Нияз атындагы айыл аймагы болот: Айрым айыл аймак жана айылдардын аталышы өзгөрөт

admin

Комментарий