«Тазалыктын» кызмат адамдарына кылмыш иши козголду

Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын “Тазалык” муниципалдык ишканасында текшерүү жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө ишкананын айрым кызматчыларына 134,2 тонна жалпы суммасы 7 миллион 179 миң 498 сомдук күйүүчү-майлоочу майды мыйзамсыз түрдө берүү менен бюджеттик каражатты коротуп жиберген фактысы аныкталган.

Такталгандай, “Тазалык” ишканасынын жооптуу кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы туруп, мыйзамдын талаптарын одоно түрдө бузуп, 2022-2024-жылдарда мыйзамсыз буйруктарды чыгарып, ишкананын айрым кызматчылары менен жеке унааларын кызматтык максатта пайдалануу жөнүндө формалдуу келишимдерди түзүп алышып, күйүүчү-майлоочу майды өздөрүнүн жана башка кызматчылардын жеке кызыкчылыктарына колдонуп келишкен.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен шаардык прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды.

Related posts

Кыргызгидромет 11-декабрга карата аба ырайынын болжолун жарыялады.

admin

Шакиев: «2024-жылга карата кабыл алынган бюджеттин аткарылышын Жогорку Кеңеш толук көзөмөлгө алат»

admin

Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктады 

admin

Комментарий