Тажикстанга өтө турган Достук айылындагылар кайда көчүрүлөрү аныкталды

Баткен районунун Достук айылындагылар кайда көчүрүлөрү аныкталды. Бул тууралуу Баткен облусундагы өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, облус жетекчиси Айбек Шаменов баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү айылдын эли менен жолугуп, көчүрүү маселеси каралган.

«Айыл элинин макулдугу менен Баткен районунун Бужум айылына караштуу Чет-Булак жерлигине көчүрүү чечилди. Аталган аймак Баткен шаары менен чектешет. Мамлекет ар бир үй ээси үчүн беш сотыхтан жер тилкеге шарты менен үй курат. Жалпы 71 үй. Мындан сырткары, жери барларга турак жай салуу үчүн беш сотыхтан жер берилет. Ошондой эле Кызыл-Бел айылындагы тогуз гектар айыл чарба багытындагы жер бөлүнөт», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча макулдашууга ылайык, Баткен районундагы Достук айылы (90 гектар жер) тажиктерге толук өтүп, ордуна 121 гектар жер алынат.

Related posts

Темирлан Ормуков уюшкан кылмыштуу топко катыштыгы бар деп шектелип кармалды

admin

Орусияда 4 классташына ок чыгарып, кийин өз жанын кыйган кыздын атасы кармалды

admin

Шашылыш билдирүү: 17-19-июнь аралыгында нөшөрлүү жаан-чачын күтүлөт

admin

Комментарий