Телефондорду милдеттүү каттоо. Ишкерлер менен тийиштүү органдардын жолугушуусу өттү

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети «Инмобайлс» компаниясынын жана МБКнын өкүлдөрү менен телефон саткан ишкерлер үчүн жолугушуу аянтчасын уюштурду.

Атайын кызматтан маалымдашкандай, Мамлекеттик идентификациялоо системасынын маалымат базасында телефондорду милдеттүү түрдө каттоодо айрым көйгөйлөргө туш болгон «Береке», «Беш-Сары» жана «Айчүрөк» ЦУМ соода комплекстеринин дүкөндөрүндө уюлдук телефондорду сатуу менен алектенген ишкерлердин кайрылуусуна байланыштуу, алардын маселелерин талкуулоо жана чечүү үчүн УКМК Мамлекеттик бажы кызматынын жана «Инмобайлс» (imei.kg) компаниясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жолугушуу уюштурду.

Жолугушуунун жана талкуунун жүрүшүндө ишкерлерге милдеттүү түрдө каттоо системасын киргизүү менен телефондорду контрабандалык жол менен алып кирүү жана андан ары сапатсыз продукцияларды Кыргызстандын аймагына сатуу жоюлуп, телефон уурдоо фактылары да жок кылынары түшүндүрүлдү.

Мындан тышкары, ишкерлер телефондорду мамлекеттик идентификациялоо тутумунун базасында каттоодон баш тарткан учурда айрым көйгөйлүү маселелерди чечүүгө байланыштуу суроолорго жооп алышты. Ошондой эле кошумча документтерди көрсөтпөстөн, бирок бардык мамлекеттик алымдарды төлөөнү ишке ашыруу жана милдеттүү түрдө каттоо системасын жеңилдетүүнү суранышты. Бул маселе жакынкы арада компетенттүү органдар тарабынан каралат.

Ошондой эле «Инмобайлс» (imei.kg) компаниясы тарабынан каттоо тутуму тууралуу жарандарды кабардар кылуу боюнча активдүү иш-чаралар жүргүзүлүп, Бишкек шаарындагы телефондорду сатуучу ири түйүндөрдө практикалык окутуу иштери жүргүзүлөөрү белгиленди.

Белгилей кетсек, УКМК ишкерлерди пайда болгон маселелерди чечүүдө айрым адамдардын чагымчыл аракеттерине алдырбоого жана компетенттүү органдар менен конструктивдүү диалог жүргүзүүгө чакырды.

Related posts

«Газада ар бир 10 мүнөт сайын бир бала өлүп жатат» дейт ДССУнун башчысы

admin

2022-жылы Кумтөр кенинен 17 тонна 305 килограмм алтын өндүрүлдү 

admin

УКМК: «Таластагы Жалпы медициналык борбордогу кызматкерлердин эмгек акысын жетекчилик алып жүргөн» 

admin

Комментарий