Тик учак кырсыгынан каза болгон жигиттин апасы: «Уулум «колун сурадым, быйыл үйлөнөм» деген»

Бүгүн, 19-январда Бишкекте тик учак кырсыгынан каза болгон Жайыл Самудинов менен коштошуу зыйнаты болду.

Жайыл Самудинов 1994-жылы туулган. Быйыл үйлөнмөк. Жакындары ал үй-бүлөдө 3 бир туугандын улуусу экенин билдирди. Маркум Орусиядагы Сызрань жогорку аскердик авиациялык учкучтар окуу жайын бүтүргөн. Соңку кезде Башкы штабда кызмат өтөп жүргөн.

«Балам кечинде жаныма жатып, «Апа, мен сизди жакшы көрөм» деди. Коштошкон окшойт. Эртең менен жумушка кеткен. Балам Ата Мекен үчүн жан берди. «Мен кызымдын колун сурап келдим, үйлөнөйүн» деп айткан. «Мейли балам, алып келе бер дегем. 24-февралда уулум 30 жашка чыкмак. 5 маал намаз окуган бала болчу. Өлө турган бала эмес болчу, айла жок эмне кылам? Эң улуу балам», — деди сыздаган эне.

Related posts

КР УКМК: Өзгөчө ири өлчөмдөгү коррупция фактысы боюнча УКМКнын кызматкери кармалды

admin

КР УКМК: Жалал-Абад облусунда мамлекеттик мекемелердеги коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча кеңешме өткөрүлдү

admin

28-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий