ТИМ: “Израилде жабыркагандардын жана каза болгондордун арасында Кыргыз жарандары жок”

Израилде жабыркагандардын жана каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Министрлик Израилдеги Кыргыз жарандарына аскердик кагылышуу болгон аймактарга барбоону сунуштайт. Элчилик кыргызстандыктарды +905456896800 ишеним телефонуна чалууну өтүнөт.

7-октябрда таңкы убакытта ХАМАС уюму Израилдин шаарларын көздөй беш миңдей ракета коё берип, бир нече ондогон согушчандар Газа тилкеси менен чектешкен Израилдин айылдарына бастырып кирген. Израилдин бийлиги өлкөнүн аймагына 2 миңдей ракета соккусу тийгенин билдирген.

Related posts

«Ала-Тоо» аянтына 40 эмес 39 нуру бар желек илингенби? Дайырбек Орунбеков жооп берди

admin

Ташиев: мамлекеттик кызматкер бай жашабашы керек, эми «ставка» деген болбойт

admin

7-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий