ТИМ Кыргыз жарандарына Тажикстанга баруудан баш тартууну сунуштады 

Тышкы иштер министрлиги Кыргыз жарандарына Тажикстанга ар кандай саякаттоолордон убактылуу баш тартууну дагы бир ирээт сунуштайт. Анткени тажик тарап Тажикстан Республикасына расмий билдирүүсүз кирүүнү чектөөнү улантууда. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Кыргызстандын Тажикстандагы элчилигинин маалыматы боюнча, Дүйшөмбү шаарындагы эл аралык аэропортко келген учурда, чек ара көзөмөлүнүн өкүлдөрү Кыргыз жарандарын киргизбей коюуда. Мындай жагдайда авиабилеттерди сатып алууга жана транзиттик зонада кайтып келүүчү каттамды күтүүгө байланыштуу кошумча финансылык чыгымдар пайда болот.

Related posts

Жолдошбек Көлбаев дзюдо федерациясынын президенти кызматынан кетти

admin

Оштун Куршаб айылындагы мечиттен өрт чыкты

admin

Бишкекте кыз уурдоого аракет кылган делген жигит кармалды 

admin

Комментарий