ТИМ: Түркиядагы жер титирөөдө каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок 

Алдын ала маалымат боюнча бүгүнкү күндө Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргызстандын элчилиги жана Анталия жана Стамбул шаарларындагы башкы консулдуктары мекендештердин мүмкун болгон Түркиянын бийликтери менен мекендештер арасында мүмкүн болгон каза болгондордун жана жабыркагандардын өздүгүн тактоо иштерин улантууда.

«Ошондой эле кыргызстандык дипломаттар учурда жапа чеккен облустарда болушуп, кыргызстандык студент активисттердин катышуусунда Кыргызстандын муктаж жарандарына керектүү жардам жана колдоо көрсөтүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.

Президент Режеп Тайип Эрдоган Түркияда кырсыктан каза болгондор үчүн жети күндүк улуттук аза күтүү жана жабыркаган 10 провинцияда үч айлык өзгөчө кырдаал жарыялады.

Related posts

«Крокустагы» кандуу окуяда каза болгон 134 адамдын аты-жөнү такталды

admin

Ош шаарында 7 жаштагы баланын жансыз денесин каналдан алып чыгышты

admin

Акылбек Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Аспек Жумашевге 100 миң сом тапшырды

admin

Комментарий