ТИМ: «Түркиядагы жер титирөөдө жабыркагандардын арасында азырынча Кыргызстандын жарандары жок» 

Тышкы иштер министрлиги Түркиядагы жер титирөөдөн кыргызстандыктар жабыркадыбы же жокпу тактап жатат. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок.

Түркияда 6-февралда саат 04:17де күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөө катталды.. Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу 10 шаар жабыркаганын айтты.


Related posts

20-ноябрга карата аба ырайы

admin

Кыргыз-кытай чек арасына жакын жерде күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

admin

Максутов жана анын туугандарынын Төрөбаевдердин үй-бүлөсүнө карата айткандары жалган – «Туз-Бел Таш» ЖЧКсы

admin

Комментарий