Тимур Саралаев: “Буга чейин аскердик техниканы бекемдеген үчүн коргонуп калдык”

Тимур Саралаев: “Буга чейин аскердик техниканы бекемдеген үчүн коргонуп калдык”.
Соңку күндөрдүн окуялары ар тараптуу иликтөөлөрдү жана терең анализдөөлөрдү талап кылышы албетте талашсыз, ага бир аз убакыт керек. Ал эми азыркы маалда болуп жаткан көрүнүштөр чоң суроолор катары оркоюп чыгып турат.
Өлкөбүздүн бүтүндүгүн бузуп кирип келгендер кимдер, таджик аскери, же Рахмондун жалданма баш кесерлериби?! Менимче жалданмалар, анткени ошолор гана гумандуулукту түшүнбөйт, кабыл албайт, жалданмалар гана мыкаачылык, террорчулук, каракчылык кылышат. Жалданма жапайылардын гана ынтымагы жок, бири-бирин угушпайт, баш аламан болушуп акыры кырылышат. Аларга салыштырмалуу биздин жоокерлер тартип менен согушуп, өз мекенин коргошту.

Бирок кимиси болбосун, аскериби, же Рахмондун боевиктериби, Кыргызстанды талкалоо жана басып алалы деген эле максаттары болгон анык, дүйнө коомчулугу деле аны көрүп турат. Кандай гана болбосун, аскердик техникаларды бекемдеп албаганда мындан да ары басып кирип кетмек экен. Мисалы үчүн, мурун алган “Байрактар” ишке жараганы талашсыз, душмандын 2 “Град” системасын ж.б., талкалап салганын көрүнүп турат. Аларда “беспилотниктер” жок болгону да, биздин жоокерлерге жардам берди. Буга чейин аздыр-көптүр техниканы бекемдеген үчүн коргонуп калдык, бирок муну менен токтобош керек, мындан да көп техника алуу маселеси мамлекет-эл үчүн №1 маселе болуш керек, орустар айткандай – “Хочешь мира – готовься к войне”.

Тилекке каршы, бизде 59 адам каза болду, тажиктерде 300дон ашык адам кырылыптыр деген расмий эмес маалымат келди. Диктатордук мамлекетте албетте жоготуулар жашырылып-айтылбайт. Алар биринчи кол салып, коп чыгымга учурап, алыска (50 чакырым) атуучу техникасы, бронитехникалары, танктары талкаланды.
Элибиздин күчү ынтымакта экени дагы бир ирээт тастыкталды.

Related posts

Аскарбек Жаныбеков: Күздүк арпа, буудайдын үрөөндөрүн дыйкандарга таратып баштадык

admin

УКМК: Адам уурдоо фактысы боюнча К.Асанбектин тууганы кармалды

admin

Өкмөт Кыргызстанга инвестор тартуунун дагы бир жолун тапты

admin

Комментарий