Токмокто жол кырсыгынан 3 адам жабыркады 

Токмок шаарында жол кырсыгы катталып, 3 адам жабыркады. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-ноябрда болжол менен саат 20:59 чамаларында Жантаева-Колхозная көчөсүнүн кесилишинен «Фольксваген пассат» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу чыгышты көздөй бара жатып, рулга ээ боло албай карама каршы тилкедеги «Хонда Адиссей» унаасы менен сүзүшкөн.

Алдын ала маалымат боюнча, жол кырсыкта «Фольксваген пассат» унаасынын матор жагынан түтүн чыгып, жолду көрбөй калган. Кырсыктан кийин унаа күйүп кеткен.

Жол кырсыктын кесепетинен «Хонда Одиссей» унаасынын 2 жүргүнчүсү жана «Фольксваген пассат» унаасынын айдоочусу Токмок шаарынын аймактык оорканасына жеткизилген.

Related posts

Камчы Көлбаевдин башына ок тийген, — өздүк булактар

admin

Кадамжайда беш адам кышкы салат жеп ууланышты

admin

20-мартка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий