Токмокто өспүрүмдөр мушташып, экөөсү бычактан жаракат алды 

Токмокто массалык мушташтан улам өспүрүмдөр бычакталып, алардын бири шектүү катары кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. 

Маалыматка караганда, 27-декабрда Токмок ШИИБдин «102»кызматына Борончиев менен Сарыбагышев көчөлөрүнүн кесилишинде массалык мушташ болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Териштирүүнүн жүрүшүндө, «Сказка» дүкөнүнүн 2-кабатында дискотека болгону, ал жерде Токмок шаары менен Чүй районунун балдарынын ортосунда мушташ чыкканы, кесепетинен 2004 жана 200-жылы туулган өспүрүмдөр бычактан жаракат алганы аныкталган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду. Өспүрүмдөр тергөө бөлүмүнө жеткирилип, көрсөтмө беришкен. Кылмышка шектелип, 2006-жылы туулган өспүрүм кармалып, камакка алынды.

Related posts

АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ «КЫРГЫЗИНДУСТРИЯ» ААКнын ИШКАНАЛАРЫН КЫДЫРДЫ

admin

Месси ал үчүн «Алтын топтон» да маанилүү болгон сыйлыктарды атады

admin

Жусуп Баласагын атындагы КМУНун 100 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде белгиленет

admin

Комментарий