Токтогул милициясы адам өлтүрүү фактысынын бетин ачты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
28-февраль күнү Токтогул районундагы үйлөрдүн биринде 35-40 жаш чамасындагы эркек кишинин денесинде жарааттары бар, киши колдуу болгон жансыз денеси табылган. Окуя болгон жерге Токтогул РИИБдин жетекчилиги, ыкчам-тергөө тобу, прокуратура кызматкерлери чыгып, кароо жүргүзүлүп, тиешелүү материалдар топтолгон. Бул окуя Токтогул РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен катталып, кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Токтогул милициясы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишинин бети изи сууй электе ачылган. Кылмышка шектүү катары Токтогул районунун 3 тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүүлөр суралып, алар өздөрүнүн көрсөтмөлөрүндө 27-февраль күнү саат 18:00 чамасында Токтогул районундагы үйлөрдүн биринде спирт ичимдигин ичип отурушуп, сөз талашып уруша кетип, үчөөлөп, ошол жерде алар менен чогуу спирт ичимдигин ичип отурган адамды сабап коюшуп, окуя болгон жерден кетип калышкандыгын билдиришкен.