Токтогулда сел жүрдү

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 3-август күнү саат 18:30 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Буркан айылына баруучу ички чарбалык унаа жолунда сел жүрүп, унаалардын өтүүсүнө кыйынчылык жараткан.

Жерине бир грейдер тартылып, кеч киргендигине байланыштуу тазалоо иштери убактылуу токтотулган. Бүгүн тазалоо иштери улантылат.

Унаа жолу ачык.

Related posts

28-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

15-майга карата күтүлгөн аба ырайы 

admin

Бишкектик окуучу Айдар Каныбеков Тайландда Муай -Тай боюнча чемпионатта байгеге ээ болду

admin

Комментарий