Токтогулда «Якын-Инкар» уюмунун 9 мүчөсү андан баш тартты

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда «Якын-Инкар» диний-экстремисттик уюмунун 9 мүчөсү өз ыктыяры менен уюмдан баш тартты. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы маалымдайт.

Мекеменин маалыматына караганда, 27-мартта аталган жарандарга карата түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Иш-чаранын жүрүшүндө расмий мусулман дин өкүлдөрү диний ажырымга жол бербөөнүн маанилүүлүгүн, коомдук ынтымакты сактоонун зарылдыгын белгилешип, ханафий масхабы жана матуриди ишенимине негизделген салттуу исламды карманууну түшүндүрүшкөн.

Натыйжада, мурдагы мүчөлөр уюмдан өз ыктыяры менен баш тартышып, өз көз караштарынын жаңылыш экенин моюнга алышкан. Алар өкүнүчтөрүн билдирип, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Уламалар кеңешинин чечимдерин жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын талаптарын аткарууга даяр экенин билдиришкен. Ошондой эле өз тарапташтарын аталган уюмдун идеяларынан баш тартууга чакырышкан.

УКМКда эске салышкандай, «Якын-Инкар» уюмуна Кыргызстанда 2017-жылдан бери тыюу салынган.

Учурда атайын кызмат «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» мыйзамдын талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу боюнча иш-чараларды улантууда. Ошондой эле жарандар мыйзамсыз миссионердик иш-аракеттер үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет.

Related posts

КР УКМК: Курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн 15 батир мамлекеттин кирешесине алынды

admin

Курулуш министрлиги башкы пландарга 2,4 млрд. сом бөлүүнү суранууда

admin

Орозайым Нарматова: «Кемпир-Абад иши боюнча акыйкат чечимди күтөбүз»

admin

Комментарий