ТОКТОГУЛДА ЖАҢЫ СТАДИОН АЧЫЛДЫ

14-сентябрда Токтогул шаарында толук реконструкцияланган Эргеш Ормонов атындагы заманбап стадион салтанаттуу ачылды. Иш-чарага Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев катышып, стадиондун ачылышын «Токтогул» – «Базар-Коргон» беттеши улантты.

Ташиев белгилегендей, бул арена жаштардын спортко кызыгуусун арттырып, улуттук биримдикти жана достукту бекемдөөгө кызмат кылат.

Стадион жөнүндө кыскача:
• Жалпы аянты — 2 гектар
• Трибуналар — 3 450 орун
• VAR-системасы, медиа жана VIP-бөлмөлөр менен жабдылган
• Жасалма чөп жана кечки жарык берүүчү заманбап система орнотулган

Бул арена 1980-жылы курулган эски стадиондун ордуна салынып, 2024-жылдын май айындагы Ташиев менен Жапаровдун демилгеси аркылуу кыска убакытта толугу менен жаңыланды.

Related posts

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигин эми Равшан Сабиров жетектейт

admin

«5 тонна алтынды сатып». Балбак Түлөбаев монорельс курууну дагы сунуштады

admin

Түгөйлөр жол тосуп, Караколго кетишмек. Жети-Өгүздөгү үрөй учурган жол кырсыктын чоо-жайы 

admin

Комментарий