Тоолуу райондордо кар жаайт. 2-ноябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2-ноябрга карата Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, Талас, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Чүй облусунун айрым жерлеринде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +13…+18, Талас облусунда +10…+15, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +9…+14, Ысык-Көл облусунда +8…+13, Нарын облусунда +7…+13, Бишкек шаарында +16…+18 жана Ош шаарында +13…+15 градус жылуу болот.

Related posts

Садыр Жапаров башкы прокурор кызматына кимди тандаганы белгилүү болду

admin

Унаасын көл жээгине чейин алып барып, эс алгандарга 15 миң сом айып пул салынды

admin

Милиция Бишкектеги ЦУМдан бомба табылбаганын билдирди

admin

Комментарий