Тоолуу райондордо кар жаайт. 23-октябрда өлкөдө күтүлгөн аба ырайыТоолуу райондордо кар жаайт.

23-октябрда түнкүсүн Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +7…+12,

Талас облусунда түнкүсүн +3… +8, күндүз +6 … +11,

Баткенде түнкүсүн +7… +12, күндүз +12…+17,

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +8… +13, күндүз +13…+18,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1… +6, күндүз +14 … +19,

Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +12 …+17.

Бишкекте жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8, күндүз +10…+12 градус болот.

Related posts

«Рух Ордодо» комуздун формасында эң чоң пирс салынып жатат. Өлкө башчысы суроо салды

admin

Россияда президенттик шайлоо дайындалды

admin

Өкмөт мамлекеттик тилди билүү деңгээли боюнча токтом чыгарды. Чоо-жайы

admin

Комментарий