Тоолуу райондордо кар жаайт. 24-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

24-октябрга караган түнү Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймагында, Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан катуу жаап, түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлеринде туман түшөт.

Күндүз Ош облусунун көпчүлүк аймагында, Чүй, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, кар жаайт. Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +6…+11,

Талас облусунда түнкүсүн 0… +5, күндүз +5 … +10,

Баткенде түнкүсүн +3… +8, күндүз +14…+19,

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +4… +9, күндүз +15…+20,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1… +4, күндүз +9 … +14,

Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +8 …+13.

Бишкекте жаан жаашы мүмкүн, эртең менен жана түнкүсүн туман түшөт. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7, күндүз +8…+10 градус болот.

Related posts

Кантта эт кесип жаткан бычагы менен жаранды сайган шектүү кармалды

admin

Жаңы жыл түнү айланма жолдо жол кырсыгы катталып, Ленин РИИБдин кызматкери көз жумду 

admin

Садыр Жапаров аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бизнес ачуу үчүн берилүүчү жөлөк пулдардын даректүүлүгүн текшерди 

admin

Комментарий