«Тормозни — Сникерсни!». Ташиев ундан «хайп» жасаган депутаттарга кайрылды

Ундун баасы боюнча көтөрүлүп кетти деп «хайп» кармаган депутаттарга айтарым баа көтөрүлбөйт. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев соцтармактагы баракчасына жазды.

«Мамлекетте кошумча чаралар көрүлгөн. Туура казактардын унунун баасы көтөрүлдү. Ал бизден көз каранды эмес жана элибизге эч кандай зыян алып келе албайт. 1-сорт ундун баасы 30 сом, бир кап ун 1500 сом. Жакын арада мындан да төмөндөшү мүмкүн, себеби арзан баада камдап койгон буудайыбыз кийинки түшүмгө чейин жетет. Өсүмдүк  майы, кумшекер да жетиштүү, баалар көтөрүлбөйт. Мамлекетибиздин азык-түлүк коопсуздугу жетиштүү камсыздалган. Так что, Жогорку Кеңештин депутаттары Маматалиев, Икрамов, тормозни — Сникерсни!» — деп жазды ал.

Related posts

Британиянын королу Карл III рак оорусуна чалдыкты

admin

Аркадий Дубнов Кыргызстандын экс-президенттеринин Дубайдагы жолугушуусунун жаңы чоо-жайын айтып берди 

admin

Жапаров Түркиядагы адам өмүрүн алган зилзаладан улам Эрдоганга көңүл айтты 

admin

Комментарий