«Туулган күнүндө жерге берилген». Бүгүн Кыргыз эл акыны Жалил Садыковдун туулган күнү

23-октябрь Жалил Садыковдун туулган күнү. Ал 2010-жылы 21-октябрда 78 жаш курагында дүйнө салып, өзүнүн туулган күнүндө акыркы сапарга узатылган. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Жалил Садыков 1932-жылы 23-октябрда Чүй облусуна караштуу Кемин районундагы Кичи-Кемин айылында туулган. Орто мектепти айылдан бүтүп «Ак-Туз» комбинатынын шахтасында жөнөкөй жумушчу болуп иштеген. Чыгармачылыктагы чыйырын «Кыргызстан пионери» гезитинде бөлүм башчы болуп иштөө менен баштаган. Акындын студент кезинде жазган алгачкы ыр жыйнагы “Убада” деген ат менен 1958-жылы жарыкка чыккан. Ал ата мекен, эне, жаратылыштын кооздугу, арзуу темасындагы поэтикалык 20дан ашуун ыр китебин чыгарган. «Жайкы таңда», «Сары өзөн», «Сырдашуу», «Жоогазын», «Топ жылдыздар» сыяктуу ондогон поэтикалык жыйнактары аркылуу чыныгы сөз чебери, залкар акын катары окурмандардын урмат-сыйына арзыган. Анын Семетей», «Сейтек», «Айкөл Манас» эпикалык драмалары жана «Эр Төштүк», «Ак Мөөр», «Жукеев-Пудовкин», «Терең кечүү», «Адам жана азезил», «Шабдан» жана башка драмалары театр сахнасында бүгүнкү күндө да ийгиликтүү коюлуп келет.

Сыйлыктары менен наамдары:
«Манастын уулу Семетей» эпикалык драмасы үчүн Жалил Садыковго Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган.
Адабиятка сиңирген эмгеги үчүн «Кыргыз Республикасынын маданиятынын эмгек сиңирген ишмери», «Кыргыз Эл акыны» наамдары ыйгарылган.
Муну менен бирге «Манас» ордени, Ардак грамоталар, бир нече медалдар менен сыйланып, эл аралык «Руханият» сыйлыгына ээ болгон.

Related posts

Садыр Жапаров Тамчыдагы аэропорттун жаңы аэробекетинин имаратынын курулушуна старт берди 

admin

Кыргызстанда үшүк жүрүшү мүмкүн

admin

БШК жумушчу топ Жаныбек Абировдун арызын карай турганын билдирди

admin

Комментарий