Түндүк-түштүк альтернативдик жолуна таш кулап, жолду жаап калды

Түндүк-Түштүк альтернативалык унаа жолунун Арал – Казарман тилкесинин 254-255-чыкырымына таш кулап, жол убактылуу жабылды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, жолду жаап калган таштын көлөмү 5000 м3 түзөт.

Белгиленгендей, эч кандай унаа кырсыгы каттал жок, түн ичинде калып калган 30-40 жаран чыгарылды. Жабыркагандар жок.

Азыркы учурда ЖККББ кызматкерлери жана тийиштүү кызматтар техниканын жардамы менен жолдорду тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Related posts

УКМК: Уюлдук аппараттарды мыйзамсыз каттагандар кармалды — ВИДЕО

admin

Азиядагы эл аралык кинофестивалда кыргыз режиссерунун тасмасы башкы сыйлыкты алды

admin

Токмокто жип ийрүү фабрикасы жанданып, Ысык-Атада тери завод курулат

admin

Комментарий