Түптүн айылдарына «өзгөчө кырдаал» режими киргизилди

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Каркыра айыл аймагындагы Байзак жана Кең-Суу айылдарында түзүлгөн кырдаалды тактоо, адамдардын өмүрүн сактоо жана авариялык куткаруу жана башка кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында аткаруу максатында айыл аймагынын башчысынын 3-августундагы №66 буйругунун негизинде аталган айылдарга «өзгөчө кырдаал» режими киргизилди. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Бүгүн таң эрте сел суулары каптаган 38 үйдү тазалоого 3 мотопомпа, 1 өрт өчүрүүчү автоунаа сууну тазалоого тартылган.

Мындан тышкары, авариялык куткаруу автоунаасы, райондук жол тейлөө ишканасынан 1 жол сүрүүчү грейдер, 1 жүктөгүч, ӨКМден 3 экскаватор жеринде тазалоо жумуштарын аткарып жатышат. ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын райондорунан 62 аскер кызматкер жана жергиликтүү Жарандык коргонуу кызматынан 50 адам тазалоо иштерине чыгышкан. Буга кошумча 2 аценизатордук унаа, КДМБдан 80 аскер кызматкери тартылган.

Булак:Сереп

Related posts

Баткен облусунун башчысы дагы бир кызматка шайланды

admin

Башкы прокурор депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн парламенттен макулдук сурады

admin

Москвада сабалган кыргызстандык таксист. Кылмыш иши козголду

admin

Комментарий