Түркия менен Сириядагы катуу жер титирөөдөн 1 жылдан кийинки көрүнүш

Мындан туура 1 жыл мурун — 2023-жылдын 6-февралында Түркияда чоң жер титирөө болгон. Жергиликтүү убакыт боюнча саат 04:17да очогу Кахраманмараш провинциясынын Пазаржик районунда жайгашкан жер титирөө 7,7 магнитудага жеткен. Саат 13:24тө Эльбистан районунда 7,6 магнитудадагы жер титирөө катталган.

Жер титирөөдөн Түркиянын 11 провинциясы: Кахраманмараш, Хатай, Осман, Адыяман, Диярбакыр, Шанлыурф, Газиантеп, Килис, Адана, Малатья, Элязыг, ошондой эле Сириянын Идлиб, Алеппо, Хама, Латакия аймактары жабыркады.

Жаратылыш кырсыгынын кесепетинен Түркияда 53,5 миң адам каза тапса, 107,2 миң адам жабыркады. Жалпысынан 14 млн адамга зыян алып келген. Ал эми Сирияда 6 миңден ашык адам көз жумду.

Related posts

Бишкектеги 47-мектепте мамлекеттик тил майрамы белгиленди

admin

Россия жаңы ракеталары сыналарын кабарлаганбы? Песковдун жообу

admin

Баатыр эне» наамын берүү жобосу өзгөрөт

admin

Комментарий