Түркияда кайрадан эки жолу жер титиреди 

Түркиянын өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы 20-февралда Түркиянын түштүгүндөгү Хатай провинциясында эки жер титирөө болгонун билдирди.

Anadolu агенттигинин маалыматына ылайык, 6,4 баллдык биринчи силкинүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:04тө, экинчиси 5,8 баллдык силкинүү саат 20:07де катталган. Жер титирөөнүн очогу Дефне жана Самандаг аймактарында болгон. Биринчи жер титирөөнүн очогу 16,7 чакырым, экинчиси 7 чакырымдык тереңдикте болгон. Жер титирөө коңшу провинцияларда, ошондой эле Сирия, Ливан, Иордания, Ирак, Палестина, Израил жана Ливанда сезилген.

Related posts

Сузакта атайылап өрттөлгөн айыл өкмөтүнүн имараты калыбына келтирилди

admin

Ленин шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлигин койгондордун саны 12ге жетти

admin

Кар жаабайт. 6-февралда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий